3-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө жана Таласта түнкүсүн 3...8, күндүз 10...15;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 7...12, күндүз 12...17;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8, күндүз 10...15;
Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7...-12, күндүз 1...6;
Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 6 …8°, күндүзгү жогорку температурасы 13…15°.