Таласта жайлоодон түшө албай калган чабандарга куткаруучулар жөнөтүлдү

Эрте жааган кар тоолуу аймактарда түйшүк жаратты

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Таластын Бакай-Ата районунун Акназаров айыл аймагынын сегиз чабаны 30-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ат-Мойнок ашуусунда кардын көптүгүнөн үч короо кою жана үч үйүр жылкысы менен ашуудан өтө албай калган. Чабандарды көчүрүп келүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бакай-Ата райондук бөлүмү менен жергиликтүү тургундардан куралган топ 1-октябрда жолго чыкты. Алар 2-октябрда Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына барып түнөгөн. Бирок кар көп жаагандыктан унаа андан ары бара алган эмес. Министрлик кошумча маалымат берилээрин билдирди.
Таластын Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас районунун чабандары жайкысын Чаткал тоолорунда малын жаят. (AlS)