Австрияда аялдардын жүзүн жаап жүрүүсүнө тыюу салынды

Никаб кийген аялдар. Гаага шаарынан тартылган сүрөт. 2016-жыл.

Бул өлкөдө коомдук жайларда аялдардын жүзүн толук чүмкөп, жаап жүрүүсүнө тыюу салган мыйзам 1-октябрдан тарта күчүнө кирди.

Өкмөт бул чараны Австриянын баалуулуктарын коргоо жана мигранттардын интеграциясын колдоо деп түшүндүрүүдө.

Коомдук жайларда адамдын бетин жаап жүрүүсүнө тыюу салууда мусулман аялдардын никабы же паранжысы эске алынып жатат.

Полиция токтоткон учурда бетин ачуудан баш тарткандар 150 евро айыппулга жыгылат.

Мусулман топтору бул чечимди сынга алып, Австрияда жүзүн толук жаап жүргөндөр бул жердеги мусулман жамаатынын кичинекей бөлүгүн түзөрүн айтууда.

Коомдук жайларда мусулман аялдардын бетин толук жаап жүрүшүнө тыюу салган чарага Франция менен Белгия 2011-жылы эле барган. Адам укуктары боюнча Европа соту мындай укуктук ченемдерди быйыл июлда мыйзамдуу деп тапкан. (UE)