Ооганстандын борбору Кабулдагы шиит мечитинин жанында жума намазы маалында жанкечтилер бомба жардырып, андан кеминде бир жай тургун мерт болду. 29-сентябрдагы бул окуядан 20дан ашуун киши жараат алды.
Коопсуздук расмийлери эки жанкечти өзүн жардырганын билдирди. Бул чабуул шииттердин диний жылнаамасындагы ыйык күн саналган - Ашурага даярдык жүрүп жатканда жасалды.
Чагымчыл кол салууга азырынча эч бир тарап жоопкерчиликти ала элек. Бирок буга чейин Ооганстанда шиит азчылыгын "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу бир нече жолу бутага алган.