Бишкекте мугалимдер күнү белгиленет

Мугалимдер күнүнө карата салтанат 29-сентябрда Улуттук филармонияда болот. Бишкек мэриясынан "Азаттык" радиосуна кабарлашкандай, анда "Жүрөгүм балдар менен" деп аталган сынактын жыйынтыгы да чыгарылат.

"Жүрөгүм балдар менен" сынагы Бишкек шаарындагы орто мектептердин мугалимдеринин арасында болуп өткөн.

Кыргызстанда октябрь айынын биринчи жекшембисинде мугалимдер күнү белгиленет. Учурда мамлекеттик мектептерде иштеген мугалимдердин орточо айлык акысы 11 миң сом.(ZKo)