Жигова: Liglass үчүн кыргыз-чехия мамилеси суубайт

Элишка Жигова

Чехиянын Казакстан, Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Элишка Жигова "Азаттык" радиосуна маек куруп, Liglass Trading компаниясына байланыштуу окуя Кыргызстан менен Чехиянын ортосундагы мамилеге терс таасирин тийгизбей турганын айтты:

- Liglass Trading жеке компания. Ал элчиликти, атүгүл Тышкы иштер министрлигин да кыйгап өтүптүр. Тилекке каршы, мен бул жөнүндө эч нерсе айта албайм. Компанияга байланыштуу окуя кыргыз-чех мамилесине терс таасирин тийгизбейт деп ишенем.

Чехиялык Liglass Trading ишканасы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча июль айында кыргыз өкмөтү менен келишим түзгөндөн көп өтпөй ишкана тууралуу күмөн маалыматтар тараган. Натыйжада 18-сентябрь күнү аталган ишкана келишимдеги милдеттерин мөөнөтүндө аткара албаганы үчүн кыргыз өкмөтү келишимди бир тараптуу жокко чыгарган.

Нарын ГЭСтер каскадын жана чакан ГЭСтерди курмай болгон "Лигласс Трейдинг" ишканасын Кыргызстанга чех президенти сунуштаган. Бул тууралуу Чехиянын президенти Милош Земан 24-июлда чех радиосуна курган маегинде билдирген эле. Ал Liglass Trading компаниясын Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге Астана шаарындагы "Экспо-2017" көргөзмөсүнүн ачылышы маалындагы жолугушууда өзү сунуш кылганын, ар бир андай жолугушууда чех фирмаларын сүрөөнгө аларын белгилеп, бирок фирма тууралуу көп маалыматы жоктугун мойнуна алган. (SA/ZKo)