Playboy журналынын негиздөөчүсү көз жумду

Playboy журналынын негиздөөчүсү Хью Хефнер.

Кошмо Штаттарда Playboy журналынын негиздөөчүсү Хью Хефнер 91 жашында көз жумду. Бул тууралуу журналдын Твиттердеги расмий баракчасында кабарланды.

Хефнер 27-сентябрда Лос-Анжелестеги үйүндө жакындарынын жана досторунун курчоосунда өз ажалы менен өлгөнү маалым болду.

Хью Хефнер 1926-жылы жарык дүйнөгө келген. Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында аскерий кабарчы болуп иштеп, кийин Esquire журналына жумушка кирген.

Playboy журналынын алгачкы чыгарылышын ал өз үйүнүн ашканасында даярдап, 1953-жылы чыгарган. Көп өтпөй аталган басылма дүйнөдөгү эң көп сатылган журналга айланган. 1970-жылдары анын тиражы жети миллион даанага жеткен.

Бирок соңку жылдары анын тиражы 800 миң даанадан ашпай калган.