Чокморов өмүрүнүн соңку күндөрү иштеген өнөркана

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сүрөтчү жана киноактёр Сүймөнкул Чокморовдун жаңы ачылган музей-өнөрканасына анын эки миңге жакын экспонат-буюмдары коюлган. Кыргыздын даңазалуу сүрөтчүсү жана киноактёрунун чыгармачыл өнөрканасын музейге айлантуу демилгеси мындан жыйырма жыл мурун көтөрүлүп, эми гана ишке ашты. Аны ачууга дилгир болгон музейдин негиздөөчүсү Арман Мамаханова бир бөлмөдөн турган бул музей тууралуу “Азаттыкка” айтып берди.