Жогорку Кеңеш согуш ардагерлери, Куралдуу күчтөр жана ооруктагылар жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.
Ага ылайык, 1978-1988-жылдар аралыгындагы Ооган согушуна коммунисттик партиянын буйругу менен барган кеңешчилердин статусу согуш ардагерлеринин деңгээлине теңелет. Бул боюнча мыйзамдын автору депутат Кожобек Рыспаев өлкөдө болгону мындай категорияга кирген эки гана адам калганын айтып, мыйзам кабыл алынса аларга жылына бюджеттен 144 миң сом бөлүнөт деп билдирген.
Ал эми өкмөт мыйзамга каршы чыгып, долбоор казынага жүздөгөн миллион сом жүк келтирээрин айткан. Парламенттеги өкмөт өкүлү маалымдагандай, бул мыйзам аркылуу Ооган согушунда кызмат кылган медицина, мугалим жана башка адамдарга да жөлөкпул берүүгө туура келет.
Бирок депутат Рыспаев өкмөт адашууга барып жатканын, мыйзам эки адамга гана тиешелүү экенин айтып, башка кеңешчилер бул дүйнө менен кош айтышканын билдирген. Жыйынтыгында депутаттар мыйзамды колдоп, экинчи окууга добуш берүүгө жөнөттү.
Ооган согушуна коммунисттик партиянын буйругу аркылуу барган кеңешчилерге кыргыз өкмөтү 1996-жылдан баштап жөлөкпул берип баштаган, бирок 2009-жылы токтотуп койгон. (RK/SDz)