Түрк мугалими Башарслан: Көздөн учкан Ысык-Көлүм...

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Түркиянын Стамбул шаарынын тургуну Зекерия Башарслан Кыргызстанды күн сайын түшүндө көрүп, кыргыз жерин тумар туткан адам. Ал үй-бүлөсү менен Кыргызстанда үч жыл иштеп, жашап кеткен. Ала-Тоого болгон сүйүүсүн эми Стамбулдагы достору менен замандаштарына жайылтып, Кыргызстандан көргөн-билгендерин айтып берүүдөн ырахат алууну салтка айланткан.