Президенттикке талапкер Темир Сариевдин штабынын маалымат катчысы Назира Ахмедова “Сариевдин штабдары четинен жабылып жатат” деген маалыматты төгүндөп, муну “айрым кызыкдар тараптардын атайылап таратып жаткан жалган маалыматы” деп түшүндүрдү. Анын айтымында, бул сыяктуу маалыматтар бир ай мурдараак үгүт иштери баштала элек учурда да жарыяланган.
“Азыр аны кээ бир маалымат сайттары кайталап таратып жатышат” дейт Ахмедова.
Ал ошондой эле талапкердин аймактарда ачылган штабдары кадимки тартипте иштеп жатканын жана анда кызматкерлерге иш акы төлөнүп жатканын кошумчалады.
Буга чейин айрым интернет сайттары “Сариевдин штабдары четинен жабылып жатканын, ага улай анда иштеген кызматкерлерге акы төлөнбөй калганын” жазып чыккан. Мисал катары Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы бир нече штабдар келтирилип, анда иштеген адамдардын аты-жөнү менен пикирлери да берилген.
Кээ бир маалымат каражаттары штабдар жабылып жатканын Темир Сариевдин башка талапкер менен биригип жатканы тууралуу кабарлар менен да байланыштырышкан.
Мунун алдында Темир Сариевдин штабын башкарган, Эсеп палатасынын мурдагы төрайымы Элмира Ибраимова бул кызматтан кеткенин жарыялап, Сариев менен саясий позициясы дал келбей калганын айткан. Аны менен кошо Сариевдин штабынан Аликбек Жекшенкулов, Бейшен Болотбеков, Болот Алымкулов, Шамшыбек Медетбеков, Рысбек Мирзаматов өңдүү саясатчылар да кеткенин кошумчалаган.
Учурда Сариевдин өлкө аймагында 70тен ашык штабы иш алып барууда. Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. 13 талапкер ат салышууда. (ErN)