БШК Зилалиев менен Жалиловдун маселесин карады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев менен Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловду мыйзамсыз үгүт жүргүзгөн деп чечим кабыл алды. Буга байланыштуу БШК өкмөт башчысына Зилалиевге карата катаал жаза чарасын колдонуу жагын сунуштаса, аалым Чубак ажы Жалиловго жана диний уюмдарга үгүт иштерине аралашпоо боюнча эскертүү берилди.