Азербайжандык журналист Хадижа Исмаилова эл аралык иш-чарага катышуу максатында өлкөдөн убактылуу чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү өтүнүчү менен сотко кайрылды. Ал Азербайжанды таштап кетүү ниети жок экенин баса белгиледи. Азербайжандын Жогорку Cоту 2016-жылдын 8-декабрында шарттуу түрдө жазасын өтөп жаткан Исмаилованын чет өлкөгө чыгуусуна салынган тыюуну күчүндө калтырган.
“Стокгольм экономикалык мектебинин ригалык филиалы иликтөө журналистикасы боюнча 23 күндүк курска чакырды. Белгилүү бир мөөнөткө өлкөдөн чыгууга уруксат берүүсүн өтүнүп сотко кайрылдым. Сот мага салынган тыюуну толугу менен алып салса да Азербайжандан биротоло кетүү ниетим жок. Журналисттик иликтөөлөрдү Азербайжанда уланткым келет. Чет өлкөдө бул үчүн мүмкүнчүлүк чектелүү”, - деди Исмаилова.
Анын адвокаты Фариз Намазлы Азербайжан мыйзамдарына ылайык, жазасын шарттуу түрдө өтөп жаткандар соттун чечими менен чет өлкөгө убактылуу чыкса болорун айтты.
"Кавказский узел" интернет сайты билдиргендей, журналисттин кайрылуусу сотко келип түштү жана ал жакын арада каралат.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен кызматташкан жана бир катар эл аралык сыйлыктарды алган журналист Хадижа Исмаилова 2014-жылы декабрда камакка алынган. Кийин ал салыктан качкан, мүлктү мыйзамсыз жол менен өзүнө ыйгарып алган деген өндүү айыптар менен жети жарым жылга түрмөгө кесилген.
Бирок эл аралык коомчулуктун сынынан кийин Азербайжандын Жогорку Соту өкүмдү үч жарым жылдык шарттуу жаза менен алмаштырып, журналистти абактан чыгарган.