Жаштар шайлоо алдындагы басымга каршы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жаштар менен жарандык активисттер студенттерди алдыдагы президенттик шайлоодо админстративтик ресурстардан коркпоого чакырган жүрүшкө чыгышты. Буга айрым студенттердин басым болуп жатат деген кайрылуулары негиз берди. Жүрүштүн катышуучулары Бишкектеги жогорку окуу жайларды кыдырып, студенттерди басымдан коркпоого чакыруу менен бирге окуу жай жетекчилерине да мыйзам талабын аткаруу зарылдыгынан кабар беришти.