Москвада Сталиндин бюсту орнотулган аллея ачылды

Орусиянын баш калаасы Москвада жума күнү Владимир Ленин жана Иосиф Сталиндин бюсту орнотулган аллея ачылды. "Башкаруучулардын бульвары" аталган аллеяда баш-аягы жети советтик жетекчинин айкели тургузулган.

Аллея ачылган күнү акын Анна Ахматованын "Сталинди коргогондорго" деп аталган ырдын саптары жазылган плакатты көтөргөн бир аял нааразылык билдирип чыкты.

Соңку жылдары Орусияда тоталитардык башкаруучуну ачык колдогондордун саны өсүп жатат. "Левада" борборунун сурамжылоосунда Сталин дүйнөлүк тарыхтагы чыгаан инсандардын башкы сабына чыккан. Буга чейин Орусиянын бир катар шаарларында Сталиндин музейлери, эстеликтери ачылган.