Үгүт чыры парламентте көтөрүлдү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Баткендеги жолугушууда бейтараптыкты сактабаганы үчүн шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын жетекчилигинен бошотулду. Бул күнү парламент сессиясында президенттик шайлоо алдындагы үгүт маселеси көтөрүлүп, талапкерлери көрсөтүлүп жаткан оппозициялык жана бийликчил маанайдагы фракция депутаттары бири бирин каржылык жана административдик ресурстар үчүн айыпташты.