Кыргыз-өзбек чек ара келишими биринчи окуудан өттү

Кыргыз-өзбек чек арасы.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара боюнча келишимди ратификациялоо маселеси жабык каралып, биринчи окууда көпчүлүк добуш менен колдоо тапты.

Аны жыйынга катышкан 86 депутаттын 84ү колдоп, экөө "каршы" добуш берди. Келерки апталарда экинчи жана үчүнчү окууда каралып, добушка коюлат.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимге быйыл 5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапарында кол коюлган.

Өкмөттүн маалыматына караганда, жалпысынан Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын 85% такталган. (NT)