Балдакчан футболчу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Азис Давранов буту соо кезде футболчу болуп, Кыргызстан курама командасын эл аралык мелдештерге алып чыгууну кыялданчу. Жети жашында жол кырсыгына кабылып, бир бутунан ажыраган. Ошол каргашалуу күн балалык эңсөөсүнө бөгөт болгон. Бирок Азис сүйүктүү оюнун таштай алган эмес. Балдагы менен топ кубалап, дартына дабаа табат.