Шайлоо-2017: Эксперттер талдайт
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“Азаттык” 15-октябрдагы президенттик шайлоону утурлай жаңы долбоорун баштады. Бул долбоор алкагында президенттикке талапкерлердин программаларын конкреттүү багыттар боюнча тийиштүү эксперттердин катышуусунда талдап, талкуулайбыз. 20-сентябрда талапкерлердин мамлекеттик башкаруу системасы же формасы боюнча программалары талдоого алынды. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты, саясий илимдердин доктору Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбеков жана “Сереп” изилдөө институтунун директору Искендер Ормон уулу катышты.