Донбасстагы жаңжалга катышкан казакстандык шарттуу кесилди

Украинанын Донбасс аймагында тартылган сүрөт.

Казакстандын Семей шаардык соту Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжалга катышканы үчүн жергиликтүү тургунду айыптуу деп таап, шарттуу кести.

Калаанын №2 сотунан кабарлашкандай, аты аталбаган жаран чет жердеги куралдуу кагылыштарга катышкан, куралдуу мыйзамсыз алып жүргөн деген кинелер боюнча үч жылга шарттуу кесилди.

Маалым болгондой, соттолгон жаран 2016-жылдын декабрь айында Орусиядан Украинага өтүп, өздөрүнүн "Донецк элдик республикасы" деп атап алышкан аймактагы орусиячыл козголоңчуларга кошулуп, куралдуу урушка катышып келген.

Украина чыгышында 2014-жылдын апрелинен берки өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдер ортосундагы куралдуу жаңжалдан ушул күнгө чейин 10 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды.