АКШ Таластын китепканаларына 13 миңден ашуун китеп тапшырды

Талас облусундагы китепканаларга берилген китептер

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцер Талас облусунун сегиз китепканасына 13 560 китеп тапшырды.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ар бир китепкана балдар үчүн жомоктор, ырлар, аңгемелер, табышмактардан турган 1695 китеп алды.

Бул китептер Американын эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) баштапкы класс окуучулардын шар окуусун өнүктүрүүгө багытталган “Бирге окуйбуз” долбоорунун алкагында берилди.

Жалпысынан USAID өлкө боюнча 86 китепканага 145 506 китеп бермекчи. Аталган долбоор Кыргызстандагы мектептердин 60% камтыйт. (NT)