Мирзиёев адам укуктары жаатындагы абалды жакшыртууну убада кылды

Шавкат Мирзиёев

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында жасаган алгачкы кайрылуусунда өз өкмөтүнүн күчүн Өзбекстанда жана Борбор Азияда адам укуктарынын сакталышына жана жарандардын жашоосун жакшыртууга жумшарын айтты.

19-сентябрда жасаган кайрылуусунда өзбек лидери жарандардын жашоо деңгээлин көтөрүү аракетин буга чейин кабыл алган чечимдери менен негиздеп, алардын катарында улуттук валютаны эркин кое берүү, ишкерлерге салыктарды азайтуу, эркин экономикалык аймактарды түзүүгө бөлгөн насыянын көбөйтүлүшүн атады.

Ал ошондой эле сентябрдын башында Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы чек ара боюнча кол коюлган макулдашууну "тарыхый окуя" деп атап, бул аймактагы масштабдуу максаттарга жетүүгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

5-сентябрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке эки күндүк мамлекеттик сапар менен келип, чек ара боюнча өткөөл келишимге кол коюлган.

Улуттар Уюмунун жылдык жыйынында 80ден ашуун лидер дүйнө элдерине кайрылуу жасаары пландалган. Шаршембиде Нью-Йоркто Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да сөз алаары күтүлүүдө.