БШК жыйыны үзгүлтүккө учурады

Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйыны үзгүлтүккө учурашына анын айрым мүчөлөрүнүн катышпай койгону себеп болду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Боршайкомдун аппарат башчысы Бакыт Жумагулов билдирди. Ал Назарали Арипов, Гүлнара Журабаева жана Атыр Абдрахматованын атын атап:

- Бүгүн келип, бирок кайра кетип калышты. Жыйын саат 14:00гө жылды. БШКнын күн тартибинде “добуш бериле турган маселелер боюнча материалдар менен ошол күнү таанышат” деген норма бар. Ошондуктан кээде материалдар ошол күнү таратылат. Алар кечигип келип, “биз тааныша элекпиз, көрө албай калдык” деген себептерин айтып жатышат. Бирок ал андай эмес. Жалпы бөлүм бардык суралган материалдарды кагаз түрүндө да, электрондук түрдө да чагырып берүүдө.

Боршайкомдун 12 мүчөсү бар.

Жумагуловдун белгилешинче, кворум болушу үчүн кеминде жети мүчө жыйынга катышуусу талап. Бүгүн дагы эки мүчө жүйөлүү себеп менен келе алган жок.

“Азаттык” бул боюнча БШК мүчөсү Гүлнара Журабаевага кайрылып:

- Бизге күн тартибин жиберип, ал эми чечимдердин долбоорун жибербей коюшкан. Мен бүгүнкү жыйынга барып, токтомдордун долбоору болбосо мен мындан ары катышпайм деп айттым. Негизи биздин жыйындар 90% ошентип өтүп жатат. Кээде анча суроо жаратпаган маселелер болгондо мейли, бирок талапкерлер, аккредитацияга байланышкан учурда карап чыгып, даярданыш керек да, - деген жооп алды.

Быйыл 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. (RK)