Ирактын Жогорку Соту күрт референдумун токтотууну буйруду

Күрттөрдүн Пешмерга күчтөрү

Ирактын Жогорку Соту күрттөрдүн көз карандысыздык боюнча референдумун токтотууну буйруду. Сот дүйшөмбү күнү референдумдун мыйзамдуулугу боюнча маселе чечилмейинче добуш берүүнү токтото туруу керек деген бүтүмгө келди. Ирактын Күртстан автономиялык аймагынын депутаттары расмий Багдаддын каршылыгына карабай, 25-сентябрда көз карандысыздык боюнча референдум өткөрүүнү чечишкен. Буга Бириккен Улуттар Уюму жана Иран, Түркия баштаган бир катар өлкөлөр да каршылыгын билдиришкен.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган да күрт референдуму Иракты ажырымга алып келерин БУУнун жыйынына катышуу үчүн АКШга сапар алаардан мурда айтты.

“Америкада Ирактын премьер-министри ал-Абади менен жолугам. Маалым болгондой, биздин максатыбыз бир. Ал – Ирактын аймактык бүтүндүгү. Азыр Ирактын түндүгүндөгү бийлик өкүлдөрү өлкөнү ажырымга кептей турган кадамга барып жатат”,-деди президент Эрдоган.