“Лигласс Трейдингдин” “РусГидрого” акча төлөп берүү мөөнөтү эртең бүтөт

Чехиялык “Лигласс Трейдинг” компаниясынын Орусиянын “РусГидро” ишканасына 37 миллион доллар төлөп берүү мөөнөтү 19-сентябрда бүтөт. Өнөр жай, энергетика жана кендерди пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, акча 19-сентябрга чейин "Электр станциялары" ишканасында ачылган эсепке түшүшү керек.

Быйыл июлда чехиялык “Лигласс Трейдинг” компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерди утуп алган. Мындан кийин чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялап, бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу жараткан.

Премьер-министр Сапар Исаков 25-августта парламентте сүйлөп жатып "эгерде чехиялык компания менен келишим ишке ашпай калса, Кыргызстан зыян тартпайт, бирок андан чыгат" деп айткан.

2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын "Русгидро" компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган.

Буга байланыштуу Кыргызстан Орусияга 37 миллион доллар бересе болуп калган.

Кыргыз тарап чехиялык компания менен андан ары кызматташуу маселеси ошол акча төлөнүп-төлөнбөсүнө жараша чечилерин айтып келатат. (КЕ)