Жаштар административдик кысымга каршы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

17-сентябрда Бишкектеги Жаштар аллеясында жаш активисттер жана студенттер административдик кысымга каршы акция өткөрүштү. "Биз коркпойбуз" деп аталган флеш-мобго борбор калаанын окуу жайларында окуган 100дөй студент катышты. Уюштуруучулардын билдиришинче, иш-чаранын максаты - окуу жайларда ректорат, мугалимдер студенттерди бийликтин талапкерине добуш берүүгө мажбурлап жатканына каршылык билдирүү.