Шайлоо-2017: талапкерлер биригүүнү сүйлөшүүдө

Президенттикке талапкерлер Өмүрбек Бабанов жана Темир Сариев менен биригүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын талапкер Адахан Мадумаров Өзгөндөгү жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал "өлкөнүн келечеги үчүн биригүүгө улутка лидер болчу адам чыкса, туусун карматууга, талапкерлигин алып салууга даяр экенин" айтты:

- Бүгүн кечинде талапкер Темир Сариев менен жолугуп, биригүүнү талкуулайбыз. Мен азыркы бийликтин саясатына каршымын, ошондуктан ага каршы чыгып, аны талкалап, ордуна адилеттүү коом курам деген азаматтар менен биригүүгө даярмын. Буйруса, төрт азамат биригип туруп, бир инсанга токтодук деп келчү күнгө жеткирсин. Ошол күндү күтүп жүрөм.

Буга чейин президенттикке талапкерлер Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Бабанов биригери тууралуу маалымат тараган. Ал эми Адахан Мадумаров учурда төрт талапкердин ортосунда биригүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын "Азаттыкка" маалымдаган.(YI/ZKo)