Башкы штаб: аскер кызматкерлери англис тилин үйрөнүшөт

НАТО менен Кыргызстандын Башкы штабы ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, мурдагы жана запастагы аскер кызматкерлерине англис тилин жана маалыматтык технологияларга окутуу улантылат. 20-сентябрь күнү Бишкектеги Америка университетинде атайын бул багытта курстардын расмий ачылышы болот. Иш-чарага антитеррордук альянстын өкүлдөрү, Грузиядан жана Болгариядан эксперттер, Башкы штабдын жетекчилери катышат.

Бишкек жана Ош шаарларында англис тилин үйрөтүү боюнча, ал эми Талас, Токмок шаарларында маалыматтык технологияларга үйрөтүү боюнча курстар ишин жандантат.

Бул иш-чара аскерден бошогон кызматкерлердин кесибин алмаштырып, башка ишке орношуусуна көмөктөшүү максатын көздөйт. Окуу курстарына Бишкек, Ош, Каракол, Жалал-Абад, Нарын, Токмок, Баткен жана Талас шаарларынан мурдагы аскер кызматкерлер тартылып, 2011-жылдан бери ишкерлик, туризм, бухгалтерия, маалыматтык технологиялар жана башка багыттар боюнча кесипке ээ болушкан. Алардын ичинен 80% жакыны жумушка орношкон.

Бул тууралуу Бишкектеги Америка университетинен маалымдашты.(ZKo)