Мадаминова: Кыргызстан көп тилде даңкталышы керек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Азаттыктын” студиясынын коногу Оштогу Пётр Чайковский атындагы искусство мектебинин директору, музыкант Мукарам Мадаминова Кыргызстандын кереметин даңктаган ырлар көп тилде жаңырыш керек деген пикирде. Музыканттын “Кыргызстаным” деген өзбек тилиндеги видеосу интернетте көп көрүлүп, коомдук телеканалдарда да көрсөтүлө баштады.