2024-жылкы жайкы Олимп оюндары Парижде, ал эми 2028-жылкы Олимпиада Лос-Анжелесте өтөт. Мындай чечимди Эл аралык олимпиада комитети 13-сентябрда өткөн Лимадагы сессиясында жарыялады.
2024-жылкы жана 2028-жылкы жайкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө Гамбург, Будепешт жана Рим шаарлары да ат салышкан. Бирок алар ар кандай себептерден улам соңку тизмеге кирбей калышкан.
Париж буга чейин эки жолу - 1900-жылы жана 1920-жылы жайкы Олимпиаданы өткөргөн. Франция президенти Эммануэл Макрон Эл аралык олимпиада комитетинин чечимин "өлкөнүн жеңиши" деп атады.
2018-жылкы кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхенчен шаарында өтөрү күтүлүүдө.