Муралиев: Карманаар кадр калбай баратат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда кадрларды даярдоо жана тандоо системасы начарлады. Мындай оюн мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев “Азаттыкка” берген маегинде билдирип, Кыргызстан Кумтөрдөгү үлүшүн көбөйтө алат деген үмүтү жоктугун баса белгиледи. Андан тышкары уулу Алтынбек мамлекеттик сырды ачыкка чыгарганына ишенбестигин, ал ички кутумдун курмандыгы болду деп эсептээрин ачыктап, учурдагы коомдук-саясий кырдаалга баасын берди.