Расмий өкүлдөрдүн айтымында, жанкечти өзүн Кабулдагы крикет стадиондун ичине кирүүгө аракеттенип жаткан кезинде жардырып жиберген.
Жүздөгөн крикет ышкыбоздору жыйналган стадиондун кире беришиндеги жардыруудан үч кишинин өмүрү кыйылды, кеминде дагы жети киши жаракат алды.
Кол салуу үчүн азырынча эч бир топ жоопкерчилик ала элек.
Бирок “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна байланышы бар “Амак” жаңылыктар агенттигинин босния тилиндеги интернет баракчасындагы билдирүүдө чабуул ооган коопсуздук күчтөрүнө каршы багытталганы айтылат.
Полиция өкүлү Башир Мужахиддин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун ооган кызматына айтканына караганда, жанкечти өзүн стадионго кире бериште коопсуздук күчтөрү токтоткон кезде жардырган.
Буга чейин 29-августа Кабулдун комерциялык районунда, АКШ элчилигине жакын жерде жанкечтинин беш кишини мерт кылган жардыруусу үчүн "Талибан" кыймылы жоопкерчилик алган. (UE)