Айданек Текебаевага атасы менен жолугууга уруксат берилди

Өмүрбек Текебаев кызы Айданек менен. Сүрөт интернеттен алынды

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кызы Айданекке атасы менен жолугууга сот уруксат берди. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева билдирди:

- Буюрса жума күнү жолугабыз. Балдар менен чогуу киребиз. Эки саат убакыт берилет. Айданек окуусуна кетип жатат, эми февралда келет.

Текебаев жана мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган деп өткөн айда Бишкектин Биринчи Май райондук сот аларды сегиз жылга эркинен ажыраткан. Бирок Текебаевге он, Чотоновго сегиз жыл сураган прокурорлор апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылышкан. Учурда алардын иши шаардык инстанцияда каралып жатат.

Кылмыш ишти Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген.

Айыпталуучулар муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук деп атап жатышат. Ал эми Башкы прокуратура куугунтук жок экенин белгилеген.

Текебаев менен Чотонов март айынан бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Буга чейин Айданек Текебаевага атасы менен жолугууга сот уруксат бербей жатканы интернетте кызуу талкууга түшкөн. (RK)