14-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбот, күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жана Кыргыз тоо кыркаларында бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 14 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 5...10, күндүз 22...27;
Таласта түнкүсүн 3...8, күндүз 20...25;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 10...16, күндүз 24...29;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24;
Нарында түнкүсүн 2...7, күндүз 19...24;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 6...11;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8 …10°, күндүзгү жогорку температурасы 23…25°.