Атамбаев жумуш сапар менен АКШга барат

Алмазбек Атамбаев

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев жумуш сапар менен АКШга барат. Бул тууралуу бүгүн президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Атамбаев бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди жана аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоеваны кабыл алды.

Орусия президенти Владимир Путин менен 14-сентябрда Сочи шаарында боло турган жолугушуусуна, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко жумуш сапарына, анын жүрүшүндө Кыргызстан демилгелеген иш-чараларга катышуусуна даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары Атамбаевдин Өзбекстанга жооп иретинде мамлекеттик сапарына даярдык көрүүнүн алкагында өзбек президенти Шавкат Мирзиеёвдин жакында Бишкекке жасаган мамлекеттик сапарында жетишилген макулдашууларды жүзөгө ашыруу боюнча иштердин жүрүшү тууралуу сөз болду.

Президент Алмазбек Атамбаев алдыдагы иш-чараларга дыкаттык менен даярдык көрүү жана улуттук кызыкчылыктарга артыкчылык берүү талабын койду.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, АКШга сапар 18-24-сентябрга пландалууда. "Президент АКШга БУУнун жыйынына катышуу үчүн бара жатат" дешти пресс-кызматтан. (RK)