Ошто өзбек тилиндеги "Ахборот" гезити кайра чыга баштады

"Ахборот" гезитинин жаңы саны

Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош шаарында өзбек тилиндеги "Ахборот" ("Кабарлар") гезити жети жылдык тыныгуудан соң кайрадан чыга баштады. Басылма быйыл сентбярдан тарта ишмердигин улантып жатканын баш редактор Барно Исакова билдирди.

Анын бетачары өткөн жумада Ош шаарындагы Бабур атындагы театрдын имаратында болду. Учурда ондон ашуун журналист иштейт.

- Макалаларды элдин турмушунан алып жазабыз. Баяндарыбыз жандуу болот. Интернет сайттардагы маалыматтарды көчүрүп, гезитке чыгарбайбыз. Мигранттардын маселесине кайрылабыз, - дейт Исакова.

Коомдук турмуштагы окуялар, соңку жаңылыктарды таратууга багытталган "Ахборот" гезити 2006-жылы негизделип, төрт жыл такай чыгып турган. Гезит 2010-жылдын жайындагы Ош менен Жалал-Абат облустарынын айрым жерлериндеги этностор аралык тирешүүлөрдөн кийин жарык көрбөй калган.

2010-жылга чейин Кыргызстанда өзбек тилинде аталган гезиттерден тышкары, "Мезон", DDD аттуу эркин басылмалары болгон. Ошондой эле Жалал-Абат, Ош облустук расмий гезиттери да өзбекче чыккан. Алар ишин үзгүлтүксүз улантууда. (SE)