Түркия Орусиядан С-400 зениттик системасын сатып алат

С-400 зениттик-ракеталык комплекси.

Түркия Орусиядан С-400 зениттик-ракеталык комплексин сатып алуу туралуу келишимге кол койду. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Hurriyet гезитине курган маегинде билдирди.

-С-400 комплекстерин Орусиядан сатып алуу боюнча документтерге кол коюлду. Мен билгенден депозит да төлөндү.

Маалыматты Орусиянын президенти Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Кожин да ырастады. Бул 1952-жылдан бери НАТОго мүчө Түркия менен Орусиянын ортосундагы эң ири келишим.

"Блумберг" агенттиги түрк өкмөтүндөгү өз булактарына шилтеме жасап, Түркия кийинки жылы С-400 системасынан экини аларын, ал эми экөө өлкө аймагында чогултуларын жазды.

Июль айында Пентагон Анкара менен Мосвканын ортосунда даярдалып жаткан бул макулдашуу тууралуу тынчсыздануусун билдирип, бирок бул Түркиянын өз чечими экенин кошумчалаган.

С-400 системасынын кыйратуучу узактыгы 400 чакырымды түзөт.