Абактагы жаран ур-токмокко кабылганы айтылууда

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор жарыялаган сүрөт

Кыргызстандын Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору жаза мөөнөтүн аткарып жаткан жаран ур-токмокко кабылганын айтууда. Аталган мекеме бүгүн сүрөттөрү менен кабар таратып, Жаза аткаруу кызматы соттолгон адамдын коопсуздугун камсыз кылбай койгонун айтып чыкты.

Маалыматта окуя 5-сентябрда жаранды №27 абактан №21 абакка которуу маалында болгону, аны белгисиз адамдар катуу сабаганы айтылат.

Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” айтымында, 5-сентябрда тинтүү иштери жүрүп, ички режимди сактабаган, кызматкерлерге каршылык көрсөткөн жети адам башка абакка которулган. Аларды атайын унаа менен жеткирүү учурунда эч кандай эреже бузуу болгон эмес:

- Буларды сыртка алып чыгып, сабап, алып кетишкен дегендей маалымат тарап жатат. Андай болушу таптакыр мүмкүн эмес.

Окуя боюнча прокуратурага чара көрүү үчүн маалымат жөнөтүлдү.

Кыргызстандагы Кыйноолорго каршы коалициянын адистерине 2016-жылы 112 адам жардам сурап кайрылган, алардын 72сине юридикалык көмөк көрсөтүлгөн.

Башкы прокуратура өткөн жылдарга салыштырмалуу Кыргызстанда кыйноолор 11 пайызга азайганын билдирген. Укук коргоочулар милиция кызматкерлери тергөө учурунда шектүүлөргө кыйноо колдонуларын айтып келишет.

Өткөн жылы 120 милиция кызматкеринин үстүнөн 48 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлү Бакыт Кетиреңов "Кыргызстандагы кыйноолорду иликтөөнүн абалы" деп аталган талкууда билдирди. Анын айтуусунда, булардын 35инде милициянын жетекчи кызматтарында иштеген 100 адамга кылмыш иш козголгон. (RK)