13-сентябрдын аба ырайы

13-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27;

Таласта түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 11...17, күндүз 23...29;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23;

Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 20...25;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 5...10;

​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 10…12°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26°.