Бекназаров: Текебаев тууралуу сотто айткандарымды танбайм

Азимбек Бекназаров

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун иши райондук сотто каралып жатканда берген көрсөтмөсүнөн танбайт. Бул тууралуу ал бүгүн шаардык сотто айтты.

Бекназаров 2010-жылдагы окуялардан кийин Текебаевге Конституцияны жазуу иши жүктөлгөнүн, анын “Мегакомду” улутташтыруу ишине тиешеси болбогонун, Модин жана Маевский тууралуу кылмыш иши козголгондо гана укканын, Ташиев менен үч жылдан бери жолуга элегин айтты.

Ал райондук сотто күбө катары көрсөтмө берип жатып да соттолуучулардын "Мегакомго" эч тиешеси жок экенин айткан.

Бирок кийин интернетте Бекназаров менен “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүсү деген аудиотасма тарап, аныкына окшош үн: “Сөөгүн агарткыча калп айттым. Ар калпты айткан сайын "Кудай өзүң кечир" деп жаттым” деп сүйлөгөн.

Көп өтпөй comment.kg порталынын журналисти Раушан Айткулова интернетке видео тасма чыгарган. Анда сөздөрүн видеокамера жазып жатканын этибар албаган деген Азимбек Бекназаров биринчи тараган чуулгандуу аудиодогу сөздөрдү кайра: "Сотто жыгылып жаткан кишини колдоюн деп калп айттым. Калп айткан сайын “Кудай өзү кечирсин” дедим деп балдарга да айтып бердим" деп кайталаган.

Бекназаров да, Ташиев да бул тасмалар монтаж экенин экенин айтышкан.

УКМК ал монтаж эмес экенин Алматыда жасалган атайын экспертиза далилдегенин жүйө келтирип, өткөн аптада Бекназаровго кылмыш иш козгогон.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Текебаевди жана Чотоновду орус жарандары Леонид Маевский жана Алексей Модинден "Мегаком" уюлдук компаниясына байланыштуу 1 миллион доллар пара алган деп өткөн айда сегиз жылга кесүү тууралуу өкүм чыгарган. Текебаев ага козголгон кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет. (KE)