Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков “Азаттыкка” радиосуна берген интервьюсунда билдирди.
- Мени билген, мени менен иштешкен адамдар жакшы билет. Мен эч качан коррупцияга малынбайм. Эң негизгиси Кыргызстандын тарыхында өлкөгө салымын кошкон, Кыргызстанды ойлогон, мамлекетке бир нерсе жасаган адам болуп калайын деп жатам. Себеби тиги дүйнөгө акчаны же байлыкты алып кете албайбыз. Мени ата-энем ошентип тарбиялаган.
Өкмөт башчы жаңы куралган өкмөттүн дымагы, программасы, Кыргызстанда ГЭСтерди кургусу келген орусиялык “Русгидро”, чехиялык “Лигласс Трейдинг” компаниясы менен өкмөттүн мамилеси, сөз эркиндиги тууралуу суроолорго жооп берди.
Мурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков КСДПдан президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер болуп чыкканына байланыштуу анын ордуна мурда президенттик аппаратты башкарып турган Сапар Исаков келген. Исаковдун өкмөтү Жогорку Кеңеште 7-сентябрда ант берген. (КЕ)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.