"Достук" чек ара бекети бүгүн

Минажат беш жылдан бери Кыргызстанда жашайт. Кыргызстандын жараны болгону үчүн төрт баласы менен Өзбекстандан беш жыл мурун чыгарылган. Ал жерде аргасыздан ажырап калган жубайын көрүү үчүн ашыгууда.

Минажаттын жашы алтыга келген уулу Суннатилла Өзбекстанда калган атасын эс тартканы көрө элек. Таанышууну чыдамсыздык менен күтүп атат.

Чоң адамдардын арасында тыгында турган өспүрүмдөр көп.

Курагы жетимишке жакындаган Гүлайым азыр туугандарына жөө баратат, кийинки жолу машинеси менен барууга кыялданууда.

"Достуктун" жанында соода да кызыды

Акча алмаштыруучу жайларга өзгөчө жан кирди.

Өзбекстандык Мафтуна эртең менен Ошко тойго келип кайтып жаткан убагы. Бажыкананын алдынта тойдон топтогон кешиги текшерилүүдө.