Сапар Исаков: “РусГидро” сотко кайрылууга укуктуу, биз келишимди карманабыз

Сапар Исаков

Кыргыз өкмөтү орусиялык “РусГидро” компаниясынын Кыргызстанды эл аралык сотко берүү ниетин нормалдуу көрүнүш деп эсептейт. “Бул алардын укугу” деп билдирди “Азаттык” радиосуна премьер-министр Сапар Исаков.

Бирок кыргыз тарап бул компания менен ишке ашырууну көздөгөн долбоорду баштоого канча акча сарпталганын көз каранды эмес аудит эсептеп чыгышы керек деген позицияны карманууда:

- Биз “РусГидрого” орусиялык партнерлорубуз бул долбоорго канча акча салганына аудит жүргүзөлү, элге да көрсөтөлү, эки тараптан тең көз каранды эмес баалоочуларды жолдойлу деп айтканбыз. Алар макул болбой жатат. Биз акчаны төлөп бербейбиз деген жокпуз. Инвестор тапканда, келишимдин негизинде төлөп беребиз деп жатабыз. Бул жерде саясат жок.

Орусиянын "РусГидро" ишканасы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭС каскадына байланыштуу сотко кайрылмай болуп жатканын РИА Новости агенттиги кабарлады.

2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Орусиянын "РусГидро" компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2016-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган.

Кыргыз тарап жумушчулардын жатаканасынан башка ал жерде эч нерсе курула электигин жүйө келтирип, кеткен чыгымды аныктоо үчүн эл аралык аудит өткөрүүнү сунуштаган. Бирок Орусия тарап андан баш тартып, Кыргызстан 37 миллион доллар бересе болуп калганын айтып келет. (RK)