Бангладешке качкан рохинжа мусулмандарынын саны 160 миңден ашты

Бангладешке агылган рохинжа мусулмандарынын тобу. 7-сентябрь, 2017-жыл.

Бул тууралуу БУУнун Качкындар иши боюнча комиссарлыгы билдирди. Мекеменин сайтындагы маалыматта 7-сентябрга карата Бангладешке жер которууга аргасыз болгон рохинжа мусулмандарынын саны 164 миңге жеткени айтылат.

Бул аралыкта Мьянманын жарандык өкмөтүнүн лидери, Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреты Аун Сан Су Чжи 7-сентябрда өкмөт жарандардын баарын коргоого аракеттенип жатканын билдирди:

- Биз жарандарыбызга, бир жараныбыз эмес экенине карабай өлкөдө жүргөндөрдүн баарына кам көрүшүбүз керек. Бул биздин парз жана болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Албетте мүмкүнчүлүктөрүбүз да биз каалагандай толук жана адекваттуу эмес.

Рейтер агенттиги жазгандай, Аун Сан Су Чжи кабарчылар менен Янгон шаарынан 7-сентябрдагы маегинде Мьянмадагы диний азчылык- рохинжа мусулмандарынын Бангладешке качуусун конкреттүү түрдө бөлүп көргөзгөн жок.

Калкынын басымдуу бөлүгүн буддисттер түзгөн Мьянманын Ракхайн штатындагы кыянатчылыктардан улам ал жерде жашаган рохинжа мусулмандарынын Бангладешке качуусунун азыркы толкуну 25-августта башталган.

Мьянманын өкмөтү кыянатчылыктардын тутанышы үчүн рохинжа мусулмандары арасынан чыккан козголоңчуларды күнөөлөп, алар полиция бекеттери менен аскерий базага координацияланган чабуул жасаганын жүйө келтирди.

Армиянын билдирүүлөрүндө рохинжалар да аталган штатта, кечилканаларды, Будданын сүрөттөрүн, мектептерди, турак үйлөрдү өрттөгөнү белгиленет.

Мьянмандагы соңку окуялардан улам мусулман өлкөлөрү менен жамааттарынан ал жердеги кыянатчылыктарды айыптаган сөздөр айтылды.

Түркия жана Иран бийликтери бул маселени ушул айда БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында көтөрөрүн билдиришүүдө. (UE)