7-сентябрда түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 13...18, күндүз 24...29;
Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 23...26;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 12...18, күндүз 26...32;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25;
Нарында түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13;
Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 13…15°, күндүзгү жогорку температурасы 21…23°.