Толкунбек Абдыгулов кыргыз өкмөтүнө биринчи вице-премьерлик кызматка кеткенине байланыштуу Улуттук банктын төрагалыгынан бошотулду. Тийиштүү токтом бүгүн парламентте кабыл алынды.
Абдыгулов өз ыктыяры менен кызматтан кетүү арызын 26-августта жазган. Бирок парламент жайкы тыныгуудан соң бүгүн гана пленардык жыйын өткөрүп жатканына байланыштуу токтомдун долбоорун бир добуштан кабыл алды. (SDz)