Өзбек президентинин мамлекеттик сапары уланууда

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 6-сентябрда Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен жолугушары күтүлүүдө. Мындан тышкары өзбекстандык делегация мамлекеттик ишканалардын башчылары менен жолугушат. Кечээ эки өлкөнүн жеке ишкерлеринин жолугушуусу болгон. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары 5-сентябрда башталган. Кечээ ал кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, кыргыз-өзбек кызматташтыгы тууралуу документтерге кол коюшту.

Тараптар кабыл алган документтердин ичинде “Чек ара өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө” өкмөт аралык документ, Жогорку Кеңеш жана Улуу мажилис ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум, Ош шаардык мэриясы менен Анжиян шаарынын акимчилигини ортосундагы келишим жана башка соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы меморандум-келишимдер бар. (ZKo)