Өзбекстандын президенти Бишкекке келди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүгүн, 5-сентябрда Бишкекке мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди. "Манас" аба майданынан Улуттук гвардиянын ардак кароолунун коштоосунда өзбек президенти жана анын жубайы Зироатхан Мирзиёеваны кыргыз лидери жубайы Раиса Атамбаева менен бирге тосуп алды.