"Бул күндү кыргыз жана өзбек элдери 25 жыл күткөн" деди бүгүн Бишкекке мамлекеттик сапар менен келген Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушууну ачып жатып мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев. Ал бүгүн тарыхый окуя болуп жатканан айтып, Бишкекке келгени үчүн өзбек лидерине ыраазылык билдирди.
Өзбек президенти Мирзиёев да бүгүнкү күндү тарыхый деп атап, "биз мындан ары ар кандай маселелерди акимдер өздөрү эле чече бере тургандай шарт түзүшүбүз керек. Биз чоң топтогу ишкерлерди ала келдик. Алар да мындан ары өздөрү карым-катнаш түзгүдөй болушу зарыл" деди.
Эгемендик доору башталган алгачкы кезде, 1991-жылы Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов Ошко келип кеткен.
Эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1993-жылдын 16-февралында башталган. Андан бери эки тараптуу 130га жакын келишим, макулдашууга кол коюлду.
1996-жылдын 24-декабрында Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Ташкентке алгачкы расмий сапар менен барып, эки өлкө ортосунда Түбөлүк достук келишими кабыл алынган.
1999-жылы Өзбекстан Ош - Сары-Таш - Иркештам жолун оңдоого Кыргызстанга 30 млн доллар насыя берген. Ошол эле жылы өзбек өкмөтү КМШ мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстанга карата визалык режим киргизилип, кийин кайра жоюлган.
2006-жылы Кыргызстандын ошол кездеги президенти Курманбек Бакиев Ташкентке расмий сапар менен барган.
16-августта Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келип, кыргыз-өзбек чек арасынын такталган 1170 чакырым бөлүгүн бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюу чечими кабыл алынган.
Эки мамлекет ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. Анын 320 чакырымы тактала элек, башкача айтканда, талаштуу 56 аймак бар.
Бишкек менен Ташкенттин ортосундагы бир канча жылдай сууп турган мамиле Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин, 2016-жылдын соңунан тарта жакшы нукка түшө баштаган. (KE/RK)