Почта кызматкерлери ардагерлерге бөлүнгөн акчаны жымырып алган деп шектелүүдө

Бишкекте "Кыргызпочтасы" ишканасынын кызматкерлери согуш ардагерлерине мамлекеттен бөлүнгөн акчаны жымырып алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Биринчи Май райондук прокуратурасы Улуттук коопсуздук комитетинин райондук бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге текшерүү жүргүзүп, Жеңиш күнүнө карата шаар башкармалыгы бул районго жалпысынан 1 миллион 48 миң сом бөлгөнүн, бирок анын 80 миңин "Кыргызпочтасынын" өкүлдөрү жымырып алганын аныткашканы айтылууда.

Прокуратура кылмыш иш козгоп, атайын кызмат тергөө жүргүзө баштады. (RK)